• +996 312 66 30 02 |
  • +996 558 86 55 05

Биз жөнүндө

Крестон Бишкек Kreston International эл аралык тармагынын мүчөсү болуп саналат. Биз 110 ашуун өлкөдө бирдей сапаттагы аудит кызматтарын сунабыз. Биздин тармак Улуу Британияда киреше көлөмү боюнча эң ири 10 компания катарында. Кыргызстанда 2012-жылдан тартып иш жүргүзүүдөбүз.
Биздин шериктештер англис Күбөлөндүрүлгөн арачы аудиторлор ассоциациясынын (АССА) мүчөсү, ал эми жумушчу кадрлар ушул Ассоциация бекиткен окутуудан өтүшөт (ACCA approved employer). Ошондой эле, биздин аудиторлор Республика Казахстан жана Кыргыз Республикасынын адистик күбөлөрү, ИТ аудитор ж.б. күбөлөрүнө ээ.
Негизги курам Кыргызстанда жана чет өлкөдө натыйжалуу, олуттуу тажрыйбага ээ, анын ичинде жетекчилик кызматтарда бар. Жумушчу тандап алууда биз талапкерлердин аналитикалык көндүмдөрүнө жана биздин кардарларга мыкты натыйжа сунуу жөндөмүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Ири жана жогору адистештирилген долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Лондондогу борбордук аппараттын жана башка Крестон офистеринен адистер тартылат.
Биздин иштин айырмалоочу өзгөчөлүгү болуп кардарлардын ички контролунда күбөлөндүрүлгөн ыкмалуу маселе издөө жана терең анализ саналат. Биз, жакшы түзүлгөн ички контрол системасы уюмдардын жакшы жана тез өсүүсүнө түрткү берээрине ишенебиз.

БИЗДИН АУДИТОРДУК КЫЗМАТТАР

ЭЛ АРАЛЫК ТАНЫНУУ ЖАНА БААЛУУЛУК

Биз кызматтарыбыз менен чындыгында сыймыктанабыз жана аларды уникалдуу деп эсептейбиз. Биздин кызматтар эл аралык статус менен кардар отчету сапатынан тышкары ички контрол эффективдүүлүгү, салык салуу жана жумуш эффективдүүлүгү тармактарында кардарларга баалуу маалымат берет.



АДИСТЕРДИН ЖОГОРУ КВАЛИФИКАЦИЯСЫ

Биздин кызматкерлер туруктуу окутуу жана квалификация жогорулатуудан өтүшөт. Бардык шериктештер (долбоор жетекчилери) аттестацияланган жана Британия күбөлөндүрүлгөн арачы бухгалтерлер ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат. Бардык долбоорлор бухгалтерлерди күнүмдүк жумушунан минималдык түрдө алаксуусу менен ишке ашырылат.



БИЗДИН КАРДАРЛАР ЖӨНҮНДӨ КАМ КӨРҮҮ

Биз менен иштешүүнүн алкагында, сиздер дайыма бухгалтердик жана салыктык мыйзам ченемдиктерде акыркы өзгөрүүлөр боюнча консультация ала аласыздар. Салыктык текшерүү болгон учурда кардарларыбызга акысыз көмөк көрсөтөбүз.


БИЗДИН КЫЗМАТТАР

Эң кызыгы, аудит деген сөз латын тилинен «угуп жатат» дегенди билдирет. Азыркы учурда аудиторлор баштапкы маанисинен бираз алыстап негизинен жазуу түрүндөгү далилдерге тиренишет, бирок интервью жана адамдар менен сүйлөшүү тартиби биздин иштин олуттуу убактын алат.

Биз төмөнкү аудит түрлөрү жана ага байланыштуу тейлөө кызматтарын сунабыз:


  • Финансылык отчеттуулук аудити
  • Салыктык аудит
  • IT аудит
  • Алдамчылык аудити
  • Бизнес план жана курулуш сметасы аудити
  • Жалпы көрүнүш
  • Ички аудит
  • Инвентаризация
  • Дью дилидженс
  • Ислам финансылык инструменттер аудити
  • Ички контрол жана бухгалтердик эсепке алууну даярдоо
  • Башка макулдашылган иш-чаралар

СЫН

Биздин иштин негизги максаты болуп ишке ашырылган иштен кардарлардын канааттануусу саналат. Төмөндө биз алган сындардын кээ бири орун алган:



Hermann-Gmeiner-Fonds Deutschland e.V., Finanzcontrolling private Förderer, i.A. Johannes Rist

«Сиздердин аудитордук отчет аудит долбоорлорунун мыктыларынын бири. Мен бардык аудит долбоорлору сиздердикиндей болуусун каалайт элем»



Judy Weishar

«Бардык аткаргын ишиңиздер үчүн чоң ыраазычылык. Сиздердин ийкемдүү жана тез эмгегиңерди абдан баалайм»



Финансылык директор Цельсиус Коал, Мэтью О’кейн.

«Сиздер менен Бишкекте иштешүү жагымдуу болду. Компания чындыгында эле биздин ишканалардын аудит жараянын айырмалай турган кесиптик жана этикалык жүрүм-турум деңгээлин көргөзүштү. Мен, албетте, аймакта чогу иштеген өз кесиптештериме сунуш кылам»

Кыргызстан жөнүндө

Борбору Бишкек
Башкаруу формасы Парламентардык
Калк 6 млн.
Languages Kyrgyz, Russian
Аянты 199,9 кв.м.
Убакыт алкагы UTC+6
ИДПнын жылдык өсүүсү 6,4 % (2017)
Киши башына ИДП 1,038 USD (est. 2017)
Акча бирдиги Кыргыз сому (сом)
МФК «Бизнес жүргүзүү» Рейтинг 2017 75 (190 ичинен)



Салык салуу – Жалпы маалымат



Жооптуу орган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы


# Негизги салыктар Ставкасы Салык базасы
1 Кошумча нарк салыгы 12% (импорттолуучу товар жана кызмат наркы)/(ички товар жана кызмат берим дер наркы) Юридикалык жактар үчүн колдонулат
2 Пайдага салык 10% Пайда (чыгарып салууга тийиш болгон чыгымдарды чыгарагандан кийинки салык алынуучу киреше)
3 Сатуудан салык 0% дан (банк аркылуу төлөнүүчү, КНС алынуучу келишимдер) 5%га чейин (мобильдик кызматтар Кирешелер (юридикалык жактар үчүн )


# Айлык акы жана жеке киреше салыктар Ставкасы Салык базасы
1 Социалдык фондко чегерүүлөр 17,25% Төлөнгөн суммалар. Юридикалык жактар үчүн колдонулат.
2 Социалдык фондко чегерүүлөр 10% Төлөнгөн суммалар. Юридикалык жактар үчүн колдонулат.
3 Киреше салыгы 10% Киреше жана айлык акы. Жеке жак – салыктык резиденттерге тийиш (акыркы 12 ай ичинде 183 күн Кыргызстанда турган жак).


# Жер казынасын пайдаланууга салык Ставкасы Салык базасы
1 Жер казынасын пайдаланууга бонус салыгы Лицензия түрү (чалгындоо/казып алуу) жана минерал түрүнөн көз каранды Кор көлөмү. Юридикалык жактарга колдонулат.
2 Жер казынасын пайдаланууга лицензиондук төлөм 1%-12% Пайдалуу кендерди сатуудан киреше. Юридикалык жактарга колдонулат.
3 Лицензияны кармап калуу Лицензия жылы жана пайдалуу кен түрүнөн көз каранды. Лицензиондук аянт


Резидент эмес жактарга салык
# Башка салыктар Ставкасы Салык базасы
1 Акциз салыгы Продукт түрүнөн көз каранды (алкоголь, мунай, табак ж.б)) Продукт көлөмү
2 Жер салыгы Жайгашкан жери жана жер участогунун колдонулуш максатынан көз каранды Жер участогу
3 Мүлк салыгы Мүлк түрүнөн көз каранды (кыймылсыз мүлк же автомашина) Кыймылсыз мүлк аянты же кыймылдаткыч кубаттуулугу
4 Жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы 3% (банк аркылуу алынган киреше) же 6% Кирешеси 8 млн. сом же 116 миң АКШ долл. ашпаган юридикалык жактарга колдонулат.
5 Патент Белгилүү иш үчүн ай сайын патенттин баасы боюнча төлөнүүчү (8 млн.сом же 116 миң АКШ долл. ашпаган). Жеке жактарга колдонулат
6 Камсыздандыруу төлөмдөрү жана эл аралык байланыш жана транспорт кызматтары үчүн 5% / башка иш түрлөрү үчүн 10% Кирешелер. Жеке жана юридикалык жактар үчүн колдонулат.


Кош салык салуудан качуу боюнча макулдашуулар түзүлгөн өлкөлөр:


  • • Австрия
  • Беларусия
  • Канада
  • Китай
  • Финляндия
  • Германия
  • Индия
  • Иран
  • Казахстан
  • Корея
  • Латвия
  • Литва
  • Молдова
  • Монголия
  • Польша
  • Пакистан
  • Россия
  • Швейцария
  • Таджикистан
  • Украина
  • Узбекистан


Ишкердик ишинин субъекттерди


Ачык акционердик коом Акцияларды эркин алуу жана сатуу. Уставдык капитал 100 миң сомдон кем эмес болуусу керек. (2 миң АКШ долл. чамасы)
Жабык акционердик коом Акционерлер саны 50 ашпашы керек. Уставдык капитал 100 миң сомдон кем эмес болуусу керек. (2 миң АКШ долл. чамасы)
Жоопкерчилиги чектелген коом Менчик ээлеринин жоопкерчилиги капиталдын көлөмү менен чектелген. Каттоо жараяны салыштырмалуу жөнөкөй жана 10-20 күндүн ичинде аяктайт.
Филиал Өкүлдүк максатында жаратылган. Филиал юридикалык жактын бардык иштерин же бир бөлүгүн аткарат.
Банк Акционердик капитал 600 млн. сом (9 млн. АКШ долл. чамасы). Аудит болууга тийиш.
Микрокредиттик компания Акционердик капитал 5 млн. сом (70 миң. АКШ долл. чамасы). Аудит болууга тийиш.


Башка жоболор


Бухгалтердик эсеп базасы Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары
Аудит базасы Аудит жүргүзүүнүн эл аралык стандарттары
Валюталык жөнгө салуу Эркин өзгөрмөлүү валюта курсу
Чет элдик салымдар Мыйзамдар акча улутташтыруудан, акча каражаттарынын эркин өлкөсүнө кайра келүүсүн, акча операцияларынын эркиндигин жана эл аралык арбитражга жеткиликтүүлүгүн коргоону камсыз кылат.
Чет элдик кызматкерлер Кыргызстан Өкмөтү тарабынан белгиленген квоталар менен жөнгө салынат.
Эмгекти жөнгө салуу Кызматкерди иштен бошотуу 2 айга чейин компенсация менен ишке ашырылуусу керек.
Салыктык режимдер Эркин экономикалык зоналар Бишкек жакынында жана өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан. Бул зоналар импорттолуучу товарларды бажы салымдарынан жана чогултууларынан арылтат (эгер товарлар Кыргызстанда сатылбаса).


Ошондой эле, жогорудагы маалыматты Investment and tax guide. түрүндө жүктөп алсаңыздар болот.